Шаршемби күнү, 24-майда Москвада өткөн жалпы Евразия экономикалык форумунун пленардык отурумунда КР Президенти Садыр Жапаров Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) сотунун ролун күчөтүүнүн артыкчылыктуулугун баса белгиледи.
Президент белгилегендей, бул институттар товарларды ташуу менен байланышкан талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө жөндөмдүү улуттан жогору органдар катары натыйжалуу иштеши керек. Бул максатта ЕЭК жана ЕАЭБ сотунун ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү, анын ичинде мүчө мамлекеттер тарабынан ЕАЭБ эрежелерин бузуу фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнү жана мындай бузууларды четтетүү мөөнөттөрүн белгилөөнү сунуштады. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын сунушу боюнча мекеме-уюмдар уюмга мүчө мамлекеттер чечимдерин аткарбаган учурда ЕАЭБ сотуна доо арыз менен кайрыла алышы керек.
Президент ошондой эле евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү идеясын билдирди, ал бизнеске коюлган чектөөлөрдү алып салуудан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык көз карандысыздыгын жогорулатууга жана инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүүгө көмөктөшөт. Мындан тышкары, ал ЕАЭБ алкагында бизнес-омбудсмен институтун түзүүнү сунуштады.
Президент мындай институтту түзүү биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана пайда болгон маселелерди сотко чейинки чечүү механизмин иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.