КР Президенти Казакстандын ТИМ башчысын кабыл алды

Садыр Жапаров менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди кызматташтыктын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчы достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров азыр өлкөлөрдүн алдында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин камтыган, буга чейин жетишилген келишимдерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдети тургандыгын баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө, ошондой эле, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялар жана Баткен облусун калыбына келтирүү маселелери козголду.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тараптын чыр-чатакты жалаң гана тынчтык жолу менен жана саясий-дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу аракетинин аркасында жаңжалдын андан ары күчөп кетишине жол берилбеди.

Мамлекет башчысы кыйраган инфраструктураны жана социалдык объектилерди, турак үйлөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле жапа чеккен жарандарга жардам көрсөтүү артыкчылыктуу милдет деп атады.

Вице-премьер-министр – Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу куттуктоосун айтты.

Ал расмий сапарынын башкы максаты – өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди тереңдетүү экендигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды боорукердик менен кабыл алгандыгын белгиледи.

Мухтар Тлеуберди айткандай, Казакстан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр.

Ал эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ушул тапта Казакстан менен Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары биргелешкен соода жүгүртүүнү жылына 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.

Мухтар Тлеуберди казак тараптын Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий реформаларды, анын ичинде өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алууну толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өз ара даяр экендигин белгилешти.

Добавить комментарий