КР мамлекеттик кызматчылары үчүн Жапонияда окууга кабыл алуу башталат

Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын (JDS) алкагында, КРнын мамлекеттик кызматчылары үчүн Жапонияда окууга кабыл алуу жарыяланды.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Бул программа Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Жапониянын жогорку окуу жайларында магистратурада билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Квалификациялык талаптар:

  • Кыргызстандын жарандыгы;
  • 2022-жылдын 1-апрелинде 40 жаштан улуу эмес (туулган күнү 1981-жылдын 2-апрелинен эрте эмес);
  • кесип – саясий мамлекеттик/муниципалдык, атайын жана патронаттык кызматтарды ээлеген адамдарды (консультанттар, кеңешчилер жана жардамчылар) кошпогондо, туруктуу штаттык кызматкер статусундагы мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматта 2022-жылдын 1-апрелине карата штаттык негизде эки жылдан кем эмес иш стажы;
  • жогорку билим (атайын дипломго же бакалавр даражасына ээ болуу);
  • англис тилин билүү, магистратурада окуу үчүн жетиштүү.

Программага катышуу үчүн анкетаны толтуруу жана керектүү документтерди даярдоо керек, андан кийин документтер менен арызды 12-ноябрда саат 16:30дан кечиктирбестен JDS долбоорунун офисине Бишкекке жеке түрдө же чабарман аркылуу тапшыруу керек. Белгиленген күндөн кеч берилген арыздар жана толук эмес толтурулган арыздар каралбайт, деп белгиледи министрлер кабинети.

Өтүнмөнүн документтерин (анкета, колдонмо боюнча көрсөтмөлөр жана башкалар) JDS долбоорунун кеңсесинен, КР Мамлекеттик кадрлар кызматынан, КРмамлекеттик же муниципалдык уюмдарынын Кадрлар бөлүмүнөн алууга же jds-scholarship.org сайтынан жүктөп алууга болот.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн JICE JDS долбоорунун офисине кайрылыңыз. Дареги: Эркиндик проспектиси 64б, 1-кабат “ololohausErkindik”, 25-офис, телефондор: (0550) 02-63-33, (0555) 81-86-18.

Добавить комментарий