КР ӨКМдин башчысы Жапониянын элчиси менен жолугушту

6-ноябрда ӨКМде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Шигеки менен жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кыргыз-жапон кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

ӨКМдин башчысы элчинин ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында Жапониянын тажрыйбасын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Маэда Шигеки ӨКМдин башчысына жемиштүү иш каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар табигый кырсык коркунучун азайтуу жаатында ишти күчөтүү жөнүндө макулдашышты.

Добавить комментарий