КР Башкы прокуратурасы санариптештирүү маселелери боюнча ЕККУ менен кызматташуу жөнүндө жарыялады

Кыргызстандагы прокуратура органдарын санариптештирүү ЕККУ менен биргеликте жүргүзүлөт.

Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди, деп маалымдайт өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, кечээ, элчи, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер Фон Аркс Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына “АИС КЖБР” электрондук маалымат базасын түзүү боюнча КР МИнин ишин колдоо максатында техникалык жабдууларды тапшырды.

Жаңы жабдуу КЖБР тутумундагы кылмыш статистикасын чогултууга жана талдоого жардам берет. Ошондой эле, Башкы прокуратурага кылмыштуулуктун алдын алуу жана мыйзамдуулуктун башкы максаты болгон аналитикалык куралдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы прокурордун орун басары Т.Ишеналиев башкы көзөмөл органы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын позитивдүү тенденцияларын белгилеп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча КРнын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жаатында иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталгандыгын, ошондой эле «АИС КЖБР» тутумунун ишинин алкагында жана прокуратура органдарында электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү боюнча КР прокуратурасынын ишин мындан ары өркүндөтүүнү белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, жемиштүү кызматташтыгы үчүн жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу, КР Башкы прокурору К.Зулушевдин буйругуна ылайык, элчи Пьер фон Аркс ведомстволук медаль менен сыйланды.

Добавить комментарий