Конституциянын жаңыланган долбоору ЖКга келип түштү

Конституциялык жыйындын башчысы Бекбосун Бөрүбашов КР Конституциясынын жаңыланган долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталгандыгын жарыялады.

Анын айтымында, ал документ коомдук талкууга коюлабы же жокпу, Конституциялык палатага корутунду берүү үчүн сунушталат же жокпу, билбейт.

«Бул депутаттардан көз каранды. Долбоорду референдумга жиберүүдөн мурун КПнын судьяларына өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзамда эч кандай жобо жок. Авторлор тарабынан өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган вариантын биротоло иштеп чыктык, эми эл өкүлдөрү референдумдун күнүн белгилеши керек», – деди Бекбосун Бөрүбашов.

Буга чейин депутат Акылбек Жапаров журналисттерге билдиргендей, коомдук талкуу болбойт, анткени ал буга чейин конституциялык жыйындын алкагында өткөрүлүп келген.

Референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүлөт.

Баш мыйзамды кайра иштеп чыгуу алгач Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Ал бул жөнүндө көп жолу айткан. Бирок, Негизги Мыйзамды кайра жазуу аракети парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттарына өткөрүлүп берилген, ал чындыгында 2020-жылдын 28-октябрынан кийин легитимсиз болуп калган – ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган.

Добавить комментарий