Колонияда соттолгон 22 аялдан коронавирус табылды

Степное айылында жайгашкан аялдар колониясында 22 соттолгон адамга коронавирус инфекциясы диагнозу коюлган. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Степное айылындагы аялдар колониясында болушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Бардык соттолгондор жалпы текшерүүдөн өтүп, экспресс-тест 22 соттолгон аялда COVID-19 боюнча оң натыйжаларды көрсөттү. Алардын бешөөндө ПЦР тест оң натыйжа берген.

Вирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында мекеменин администрациясы соттолгон 22 кишинин бардыгын изоляцияга алды. Ошол эле учурда, ПЦРдин оң натыйжасы менен беш соттолгон калгандарынан өзүнчө жайгаштырылды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, алар өз алдынча кыймылдашат, аларга дарылоо протоколуна ылайык дары-дармектер жазылат.

Мындан тышкары, администрация өзүнчө жашаган соттолгондордун ортосундагы мамилени чектөө чараларын көрдү. Оор оорулуулар жок.

Ошол эле учурда, Акыйкатчы аппаратынын белгилешинче, издөө тутумунун жана талаптагыдай жабдылган жайлардын абалын эске алып, ошондой эле, вирусту жуктуруп алгандарды өз убагында аныктоо жана вирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабга жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине төмөнкүлөрдүн зарылчылыгы жөнүндө сунуштама кат жөнөтүлдү:

медициналык коопсуздук чараларын күчөтүү;

эркиндигинен ажыратуу жайларында медициналык персонал жана дары-дармектер менен камсыз кылуу;

жабык мекемелерде коронавирус инфекциясын алдын-алууда жана дарылоодо ар тараптуу жардам көрсөтүү;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ЖАМК менен натыйжалуу жана жакшы макулдашылган өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.

Сунуштар өз убагында аткарылышы керек.

Добавить комментарий