ӨКМдин кызматкерлери бир жарым эсе көп алышат

ӨКМдин кызматкерлери жогорулатылган айлык акы алышат. Ал эми офицерлер үчүн 50 миң сомго чейин көтөрүлөт.

1-январдан тарта ӨКМдин кызматкерлери айлыктарын бир жарым эсеге көтөрүшөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Аталган башкармалыктын башчысы Бообек Ажыкеевдин айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү бардык аскер кызматкерлерине тиешелүү.

«2022-жылдын 1-январынан тарта аскер кызматкерлери 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала башташат. Мындан тышкары алар жетиштүү деңгээлдеги форма менен камсыздалат. Март айынан баштап министрликте иштеген жарандардын айлыгы көтөрүлөт», – деди Бообек Ажыкеев.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМдин финансы башкармалыгынын башчысы Анаркүл Нурмамбетова министрликтин кошумча жылдык керектөөсү 312 миллион 570 миң сом экенин билдирген.

«Учурда башкармалыктын начальниктеринин айлыгы үстөксүз 12 миң сом, улук кызматкерлердики үстөксүз 8 миң 900 сом жана бөлүмдүн офицерлери үстөксүз 8 миң 600 сом түзөт. 2022-жылдын 1-январынан баштап бөлүм башчыларына 20 миң 500 сом, ал эми бөлүмдөрдүн улук кызматкерлери жана офицерлери 50 миң сом бардык үстөк акылары менен берилет», – деп түшүндүрдү Анаркүл Нурмамбетова.

Добавить комментарий