Өкмөттүн маалымат кызматы өлкөдөгү жумушсуздук, элди иш менен камсыздоо маселеси боюнча билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түзгөн. Бул былтыркы жылга караганда иши жок жүргөндөрдүн көбөйгөнүн түшүндүрөт. Себеби 2018-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,3 пайыз эле.
Өлкөдөгү шаар, аймактардын арасынан расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаары менен Чүй облусунда — 1,2 пайыз. Эң жогорку деңгээл Жалал-Абад облусунда, ал жакта 7,3 пайыз деп белгиленген.
«2019-жылдын 1-ноябрына карата 102,9 миң жумушсуз адам иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо турган. 2018-жылга салыштырмалуу 11 миң адамга же 12 пайызга көп. 2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу эки пайызга көп. Алардын ичинде 60 пайызы (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан», — деп жазылат маалыматта.
Улукбек Кочкоров менен маек
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзгөнү да айтылды. Бош орундар арасында жумушчу адистигине суроо-талап көп. Быйыл ноябрь айына чейин 41,1 миң жумушсуз жаран каттоодон чыгарылган. Анын ичинде 46,1 пайызы — жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар.
Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.