ӨКМ агенттигинин жетекчиси ок жеп, каза тапкан үйдүн сүрөтү

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы Ошто ок жеп каза тапкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел сууларынан коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сапар Бакыев жашаган районго барып, үйүн сүрөткө тартып келди.

Ошондой эле маркумду ооруканага алып барууга аракет кылышкан Lexus үлгүсүндөгү унаанын да сүрөтү чыкты.

Фото автомобиля Lexus, на котором тело директора Госагентства Сельводзащита при МЧС Сапара Бакыева привезли в больницу.

Сапар Бакыевди ооруканага алып барууга аракет кылышкан Lexus үлгүсүндөгү унаанын да сүрөтү чыкты.
25-декабрда Ош шаардык милициясына Тез жардам кызматынан Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тургунунун сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун башына ок тийгенин көрүшкөн. Жашаган үйүн кароо маалында сарайынын алдынан уюган кан жана андан төрт метр аралыктан гильза табылган.
Фото автомобиля Lexus, на котором тело директора Госагентства Сельводзащита при МЧС Сапара Бакыева привезли в больницу.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Фото автомобиля Lexus, на котором тело директора Госагентства Сельводзащита при МЧС Сапара Бакыева привезли в больницу.

Маркум Сапар Бакыев 35 жашта болчу, артында эки уулу калды.

Добавить комментарий