Kloopдун редакциясынан административдик жазалар алынып салынды: АРИС арызды кайтарып алды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85514-1675740854-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Kloopко бөгөт коюу коркунучу жок: басылманын макаласы боюнча арыз кайтарылып алынганы белгилүү болду.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Kloopтун макаласы боюнча арызын кайтарып алды. Дал ушул кайрылуунун негизинде Маданият министрлиги басылманын сайтын жабууну көздөгөн. Бул тууралуу Kloop билдирди.

Маданият министрлигинин катында АРИС 2-февралда арызын кайтарып алганы айтылат.

«Ушуга байланыштуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Kloop.kgнин редакциясына карата кайрылуусунун административдик жол-жобосу токтотулду», — деп айтылат документте.

АРИСтин «Клооптун» макаласына каршы арыз жазганы 1-февралда белгилүү болду. Ошол учурда редакцияга “АРИС Орунбеков мурда айткан социалдык объектилердин баасын ашыкча баалоону четке какты” деген макаланы алып салууну талап кылган эки кат келген. Каттарда мамлекеттик органдар бул материалда «так эмес (жалган) маалымат бар» деп ырасташкан. Маданият министрлигинин чечими аткарылбаса, алар «Kloop.kg сайтын эки айга чейин токтотобуз» деп коркутушкан.

Буга чейин АРИСтин өкүлдөрү журналисттерден макаланын аталышын өзгөртүүнү талап кылышкан, анткени алар аны туура эмес деп эсептешкен.

Kloop Маданият министрлигинин катына жооп кылып, материалды алып салбай турганын билдирди.

Добавить комментарий