Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 56 жаштагы тургуну Кулсина Айтышова бир топ наристелердин киндик энеси. Аймактык кабарчы анын менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Маданият айылында туулган. Кесиби боюнча медайым.
«1982-жылы Таластагы медициналык окуу жайынын медайым бөлүмүн аяктагам. Ошол жылы эле Бакай-Ата районундагы ооруканада жаңы төрөлгөн ымыркайлар бөлмөсүндө иштеп баштадым. Ал жерден төрөткө катышып, анан жаңы туулган ымыркайларды карачубуз. Алгач стажировкадан өтөсүң дешти. Мен төрөткө катышып жүрдүм.
Бир жолу ал жерде киндиги мойнуна оролгон бала төрөлдү. Мен андайды биринчи көрдүм. Төрөтүп жаткан акушер баланы көтөнгө чаап ыйлатып, анан киндигин кескен болчу. Стажировкам аяктаган соң чоң дарыгерлер суроолорду беришти. Жакшы жооп берип жаткам. Бир агай «ымыркайдын киндиги мойнуна оролуп туулса эмне кылабыз?» деп сурады. Мен ойлонбой эле көргөнүмдү айттым. «Көтөнгө чаап ыйлатабыз» десем эле баары каткырып күлүштү. Анан менден «муну сага ким үйрөттү?» деп сурашты. Мен төрөт бөлмөсүндө ушундай кылганын айттым. Көрсө буйрук боюнча андай жок экен. Атайын киндикке ийне сайып, эреже менен жасалат экен. Менин жообумдун айынан тиги акушер тил угуп, анан кылдат текшерип калышкан. Чогуу иштегендер ошол нерсени бүгүнкү күнгө чейин айтып, «сен коркунучтуусуң» деп күлүп калышат.
Ошентип төрөтканада иштеп жүргөн кезде буту аябай тайтак кыз төрөлдү. Алгач көргөндө таң калып, келечеги эмне болот деп коркком. Дарыгерлер такай дарыланып, көзөмөлдө болуусун айтып чыгарышкан эле. Жакында эле ал кызды көрдүм. Буту түптүз болуп, өзү эне болуп калган экен. Көрүп алып абдан кубандым. Апасы жыл сайын дарылануудан өткөрүп, такай көзөмөлдөө болуп, буту түзөлүп калыптыр.
1997-жылдан баштап Бакай-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда лаборант болуп иштеп келе жатам. Ал жерде көбүнчө иш кагаздары менен иштейбиз. Бала бакчаларды текшеребиз», – деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле келиндик доорун эскерди.
«7 уулдун кенжесине турмушка чыктым. Өзүм эрке чоңоюп, турмуш курган кезде эч жумуш кылганды билбей бардым. 6 абысындуу болдум. Кайын энемдин колундагы келин болдум. Же нан жасай албайм, же тамак жасай албайм. Башында ыйлап да жүрдүм. Апама «тентек келин алыптырсың, эч нерсени билбейт экен» деп айткандар болду. Экинчи абысыным орус улутунан болчу. Апам «орусту оокатка үйрөткөм, сен эмне болуп калыптырсың» деп күлүп койчу эле. Апам баарына чыдап, мага жумуш кылганды үйрөттү. Ошону менен катар жумушумдан да калтырган жок», – деди ал.