Кичи автобустар иш таштап жатканда, мэрия жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруп жатат

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кичи автобустардын айдоочуларынын иш таштоосунда жүргүнчүлөрдү ташуу көйгөйүн чечүү максатында бир катар уюмдар шаарды унаа каражаттары менен камсыз кылгандыгын билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, жалпысынан 15 жакын автобус бөлүнгөн, жеткирүү акысыз жүргүзүлөт.

«Өз кезегинде, бүгүн 141 муниципалдык троллейбус жана 110 автобус линияга чыкты», – деп билдирди шаар бийлиги.

Белгилей кетсек, кечээ «Манас» эл аралык аэропорту» ААК дагы жарандарды жеткирүү үчүн 4 автобус бөлүп берди.

Мындан тышкары, жарандарды жеткирүү райондук администрация жана мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Кечээ, 2-июнда, мэрия жол акыны көтөрүү маселесин чечмейинче, кичи автобустар линияга чыгуудан баш тартышты. Бирок, муниципалитет бул маселени сентябрга жылдырууну чечти.

Добавить комментарий