Казакстан Кыргызстан менен чек арада көзөмөлдү күчөтүүнү пландоодо

Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети (МКК) Кыргызстандын жүк ташуучулары тарабынан аткезчиликтин өсүшүнө байланыштуу Кыргызстан менен чек арада көзөмөлдү күчөтүүнү пландап жатканын билдирди.

Бир айга жетпеген убакыт мурун тараптар Казакстандын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашышкан.

Мамлекеттик кирешелер комитети Кыргызстандын абийирсиз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга декларацияланбаган, контрафакттык товарларды ташып келүүдө “серый” схемаларды колдонуп жатканын билдирди. Тактап айтканда, 28-апрелде Кыргызстандан келген жүк ташуучу унаадан Беларустун миллиондон ашык жасалма акциздик маркалары табылганын аталган мекеме билдирди. Ошондой эле, кармалган жүк ташуучу унаадан эки миңден ашык декларацияланбаган товар – видеокөзөмөл системасы, кийим-кече жана спорттук шаймандар табылган.

Комитеттин маалыматы боюнча, көзөмөл жеңилдетилгенден кийин Кыргызстандан тоо-кен техникаларын жана электрондук тамекилерди алып келүү фактылары да кыйла көбөйгөн, алар документтер боюнча Россияга өтүшү керек, бирок Казакстандын аймагында калууда.

«Белгилей кетүүчү нерсе, ишкердик субъекттеринин мындай аракеттери ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыян келтирет, ошондуктан көзөмөл күчөтүлөт», — деп билдирди казакстандык агенттик.

Кыргыз бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Казакстан менен чек арада кыргыз тараптан жүк ташуучу унаалардын кезеги маал-маалы менен пайда болуп, кээде бир нече чакырымга чейин жетет. Өткөн жылдары чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү бир нече жолу кошуна республикалардын ортосунда талаш-тартышты жаратып, эксперттер эки мамлекеттин ортосунда соода согушун жарыялашкан. Кезинде талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле учурда эки өлкө тең Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү болуп саналат, бул уюмдун бардык мүчөлөрүнүн аймагы аркылуу товарлардын эркин жүрүүсүн билдирет.

Апрель айында тараптар ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө товар транзитинде жана электрондук эсеп-фактуралар болгондо Казакстан текшерүү жүргүзбөйт, ал эми кыргыз тарап жүк ташуучу унааларды электрондук коштомо документтери жок таштоого жол бербөөгө милдеттендирилген макулдашууга жетишкен.

Добавить комментарий