Кадырбеков: «Китепкөй Кыргызстан» акциясы башталды

12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата бир жумалык «Китепкөй Кыргызстан» аталышындагы акция башталды. Анын алкагында түрдүү мекеме кызматкерлери китеп окуу эстафетасын башкаларга узата алышат. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, Маданият министрлиги китеп окуу эстафетасын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жана Баткен облусунун губернаторуна, ошондой эле Таластагы медиа-борбор менен эки райондун акимчиликтерине узатышкан.

«Жыл башында Кыргызстанды Орто Азиядагы китепти эң көп окуган мамлекетке айлантуу боюнча жакшы ниет кылдык эле. Ошол тилектерибизди ишке ашыралы деп түрдүү иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Алардын бири — 5-12-декабрга чейин республика боюнча жүрө турган «Китепкөй Кыргызстан» китеп окуу акциясы. Бул иш-чара адабият күнүнө, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата министрдин демилгеси менен аткарылып жатат. Анын алкагында аймактардагы 1600дөй китепканага багыттамалар берилип, ЖОЖдор арасында кайсы окуу жай китепти көп окуй тургандыгы иликтенди. Мындан сырткары, аймактарда көптөгөн адабий иш-чаралар уюштурулуп, борбор калаада жеткинчектерге министрдин китеп окуп берүүсү, лирика кечеси, Жазуучулар союзунун съезди уюштурулууда», — деди Кадырбеков.

Ал аталган акцияга бийлик өкүлдөрүнөн тартып ар бир каалоочуну катышууга чакырып кетти.

Добавить комментарий