Үзүлүп калган электр тогун өткөрүүчү зымдарды калыбына келтирүү үчүн электриктин көкүрөгүнө чейин келген карга батып кетип бара жаткан сүрөтү жарыяланды.
«Жалал-Абад электро» компаниясынын маалыматы боюнча, 22-декабрга караган түнү, кардын калың жааганынан улам Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондорундагы электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураган.
Күзөттө турган ыкчам топко кошумча күч тартылып, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшкөн. Сузак районунда трансформатордук подстанцияларда аба чубалгылар үзүлүп, электр мамычаларынын айрымдары кулап түшкөн.
«Сузактын тоолуу Орток айылында жолдордун жабылып калгандыгы электр монтёрлордун автоунаа менен баруусуна тоскоолдук жаратты. Ага карабастан жөө жана атчан барып, жарык берүү жумуштарын аягына чыгарды», — деп айтылат маалыматта.
Сүрөттө кар аралап жүргөн электромонтёр Алмаз Умаров, атчан турган Семетей Сыдыков аттуу кызматкерлер экени белгилүү болду. Ал жердеги кардын калыңдыгы 80 сантиметрге жеткен.