Энергетика министрлиги электр жарыгынын өчүрүлүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрөт

Планга ылайык, электр объектилериндеги бардык оңдоо иштери октябрь айынын аягына чейин бүтөрүн Энергетика министрлиги билдирди.

1-ноябрдан тарта Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүлөрдү болтурбоо үчүн бардык чараларды көрөт, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

“Бирок, авариялык кырдаалда калыбына келтирүү үчүн жарыкты өчүрүлүшү мүмкүн. Калган учурларда электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт”, — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, былтыр пандемиядан улам электр тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл бардык жабдуулар оңдолду, электрди көп учурда өчүрүүгө туура келди.

«Бул аракеттер кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоого багытталганын түшүнүүнү суранабыз», — деп баса белгилешти Энергетика министрлигинде.

Министрлик жарандарды энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Добавить комментарий