Эмне үчүн сугат суусу жетишсиз жана көйгөйдү кантип чечсе болот

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда эмне үчүн сугат суусу жетишпейт жана бул көйгөйдү кантип чечүү керектиги жөнүндө айтып берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, суунун жетишсиздиги дыйкан чарбаларынын бытырандылыгынан улам келип чыгып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн которуштуруп (кезектешип) иштебей калышына алып келди.

«Фермалардын бытырандылыгынан улам сууга болгон муктаждык бир эле мезгилде келип чыгууда. Бардык каналдар Союз мезгилинде курулуп, алардын кубаттуулугу которуштуруп айдоонун негизинде эсептелген. Негизинен кылкандуу дан эгиндери себилчү, жүгөрү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана башка ушул эле талааларда өстүрүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Дыйкандарды суу менен камсыз кылган чарбалардагы каналдарда чыпкалоо үчүн суунун коромжу болушунан улам суу тартыштыгы дагы сезилип жатканы белгиленди.

“Бул каналдардын бардыгы негизинен топурак нугунда. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолу – суунун айлануусун колдонуу (сугат ырааттуулугу). Бул абдан маанилүү”, – деп жыйынтыктады министрлик.

Добавить комментарий