Эмделбеген ата-энелердин балдары мектепке киргизилбейт: Билим берүү министрлигинин комментарийи

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги эмделбеген ата-энелердин балдарынын билим берүү мекемелерине кабыл алынбаганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Интернетте сентябрь айында кээ бир мектептерде ата-энелери коронавируска каршы эмдөө албаса, балдарды мектепке киргизбей тургандыгы тууралуу маалымат таралууда. Бул өкмөттүн токтому имиш.

Билим берүү министрлиги андай буйрук же башка документ жок экенин баса белгиледи.

«Мындай талаптарды эч ким киргизген эмес. Калк арасында оорулардан коргоо үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери гана жүрүүдө. Бирок, эч ким мажбурлай албайт. Азыр бул маалымат боюнча текшерүү жүрүп жатат. Андан кийин кылмышкерлерге чара көрүлөт», — деп билдиришти ведомстводон.

Добавить комментарий