Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өтө турган элди жана турак жайды каттоо учурунда кантип шылуундардан сактануу керектигин айтып берди.

Маалыматка караганда, бул жылы каттоочу адистерди алардын күбөлүгүндөгү QR-код аркылуу тааныса болот.

«Каттоочунун күбөлүгүнүн анык экендигин текшерүү үчүн документтин өзүндө QR-код болот. Жаран үйүнө бөтөн адам келгенде ал алдамчы эмес, каттоочу экенин так билүү үчүн QR-кодду смартфон аркылуу сканерден өткөрүшү керек. Мындан соң смартфондун экранында Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат, анда каттоочунун сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот», — деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев

Бирок каттоочунун аты-жөнүнүн бир бөлүгү персоналдуу маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоо максатында жашырылып коюлат.
Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлө турган ири изилдөө.

Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чара 2020-жылдын 27-мартынан тарта башталат. Аталган иш-чарага республика боюнча 24 109 кызматкер катышат. Кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча эл каттоо учурунда абалдан пайдаланып ууру-кескилер, шылуундар ишенчээк адамдардын үйүнө кирип, зыян келтирген мисалдар көп кездешет.

0 0

Дагы: https://sputnik.kg/society/20191217/1046530156/ehl-kattoo-uchurunda-kattoochunu-kantip-taanyjbyz.html

Добавить комментарий