Эки адам коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган дагы эки бейтап каза болду, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде.

Бишкекте оор абалда Улуттук фтизиология борборуна жаткырылган 85 жаштагы аял каза болду. Лабораториялык изилдөөдө бейтапта COVID-19 тастыкталган жана ал оорууну жуктуруп алган адамдар дарыланып жаткан Кыргыз-Түрк ооруканасына которулган. Көрүлгөн чараларга карабастан, аял көз жумган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бейтап апластикалык анемиядан көз жумду. Коронавирустук инфекция пайда болгондо, ал дарыланып жаткан. Үсөнбаевдин айтымында, ДСУнун усулдук көрсөтмөлөрүнө ылайык, мындай пациенттерди каттоо өзүнчө жүргүзүлүшү керек.

Кыргызстандын аймагында, 10-май күнү саат 24:00 чамасында өзгөчө кырдаал аяктады. Анын ордуна, Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ат-Башын районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда карантин киргизилген.

Добавить комментарий