Ишкерлер киберкоопсуздук тармагындагы негизги каталар тууралуу айтып беришти

Тобокелдиктерди азайтуу жана киберчабуулдарга каршы туруу боюнча маалыматтык коопсуздук тармагындагы эксперт айтып берди.

15-июнда маалымат коопсуздугу боюнча Борбор Азия форумунда ишкерлердин уюмдарын коргоодогу негизги каталары айтылды. Иш-чарада “Касперский лабораториясынын” Корпоративдик чечимдер боюнча экспертиза борборунун директору Вениамин Левцов кеңири баяндама жасады.

Доклад менен чыгып сүйлөгөн Левцов уюмдун маалыматтык коопсуздук стратегиясына таасир этүүчү эң маанилүү этаптарга токтолду. Баарынан да ал уюмдарды коргоонун негизги деңгээлин курууга көңүл бурган.

Анын пикиринде, кибер чабуулдардын көбүн болтурбоо үчүн кызматкерлердин ишин жакшыртуу зарыл. Кызматкер өзүнүн компьютерине эмне орнотуп жатканын билип, бул тууралуу атайын маалымат бөлүмүнө отчет берип турушу керек.

“Ишкерлердин эң чоң катасы – киберкоопсуздукту куруунун негизги кадамын өткөрүп жиберүү. Кадрлар менен начар иштөө, тартипсиз текшерүүлөр жана башкалар компаниянын ичиндеги бардык маалыматтарды тобокелге салат. Коопсуздук чаралары – бул көп миллиондогон инвестиция эмес, бул кадимки уюштуруу иштери, аны кагазга түшүрүп, кызматкерлерге туура тилде жеткирүү керек”, – деп белгилейт Вениамин Левцов.

Добавить комментарий