Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Ишемби күнү, 7-декабрда, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +4…+9, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +6…+11, Ысык-Көлдө +1…6 градус жылуу, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.
Бишкекте күндүн табы +5…+7, Ошто +8…+10 градуска жетет.