Иранда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуусунда биринчи жолу «Евразия» көргөзмөсү ачылды

Евразия көргөзмөсүнүн ачылыш аземи ЕАЭБ өлкөлөрү катышкан Тегерандын Туруктуу Эл аралык соода жана көргөзмө борборунда өттү.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Ирандын Өнөр жай, кен жана соода министринин орун басары, Ирандын соода өнүктүрүү уюмунун башчысы Хамида Задбум, Кыргызстан, Россия, Беларус, Казакстан жана Армениянын соода-экономикалык уюмдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле Иран министрликтеринин өкүлдөрү, дипломаттар жана башка расмий адамдар катышышты. Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана Ишкерлер Бирлигинин (ӨИБ) Президенти Данил Ибраев жетектеди.

Анын айтымында, көргөзмөгө айыл чарбасын кайра иштетүү, курулуш, кеме куруу, оор жана жеңил өнөр жай, логистика жана башка тармактарда иштеген жүзгө жакын компаниянын өкүлдөрү катышты.

“ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, айрыкча Кыргызстандын ишкерлери Иранда жаңы сатуу рынокторун табат деп үмүттөнөбүз жана ирандык өнөктөштөр өз продукцияларын экспорттоону кеңейтүү үчүн байланыш түзө алышат. Биримдиктин мүчөлөрүнүн 80 миллион калкы бар өлкө менен өз ара аракеттенүүсү эки тарап үчүн кең келечек ачат”, – деди Ибраев.

Көргөзмөгө Россиядан 30 ашуун, Армения менен Казакстандан 10 жакын, Кыргызстандан 8 жана Беларустан 5 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты. Ошол эле учурда, Иранда буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көптөгөн компанияларынын өкүлчүлүктөрү бар.

Хамид Задбумдун айтымында, көргөзмө көптөгөн ишкерлер менен жолугушууга жасалган биринчи олуттуу кадам болду.

«Бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эркин соода жүгүртүгүнүн пайдубалын түптөп жатабыз жана иш-чара Иран менен Евразия экономикалык бирлигинин өнөктөштүгүн кеңейтүүгө чоң үмүттөрдү пайда кылат. Соода келишимдери ишкерлерге пайдалуу болушу керек жана бул алардын толук аткарылышынын ачкычы. Ошондуктан, биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз жана келерки жылы кол коюлат деп үмүттөнүп жатабыз», – деди Задбум.

Эскерте кетсек, Иран менен ЕАЭБ 2018-жылы убактылуу эркин соода келишими түзүлүп, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген. Бул документке ылайык, Иран тарапка дээрлик 900 товардык позиуияларга тарифтик жеңилдиктер берилген. Ошондой эле, келишим ЕАЭБ өлкөлөрү Иранга алып келген негизги товарларды камтыйт (жалпы экспорттун 55 пайызы).

Добавить комментарий