Ирактан 79 кичинекей кыргызстандыктар кайтып келди

Ирактан 79 бала Кыргызстанга келди. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары, бирок алардын айрымдары өз мекенине өмүрүндө биринчи жолу келишкен.

Ушул жылдын 16-мартында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирак Республикасынан атайын учак өлкөгө келди.

Белгилей кетүүчү нерсе, өмүр жана ден-соолук үчүн өтө кооптуу кырдаалда турган жана мамлекеттен коргонуу укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия, мындай мүнөздөгү жана масштабдагы биринчи жолу мекенине кайтаруу иш-чарасы болуп саналат.

Ирак тарап менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин иш-чаралардын комплексинин алкагында, 2021-жылдын февраль айынын аягында, Кыргыз Республикасына дипломатиялык кызматкерлерден, Өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн турган Иракта балдардын мекенине кайтып келиши үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн гуманитардык миссия менен жумушчу топ жөнөтүлдү.

Балдарды репатриациялоо биздин өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки, КР Өкмөтүнүн координациясы жана тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатында өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдары, Кувейттеги Кыргызстандын элчилиги, ошондой эле БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) олуттуу жардамы менен мүмкүн болду.

Балдардын өз мекенине кайтып келиши репатриациялык иш-чаралардын алгоритминин бөлүгү болуп саналат, ага ылайык, тиешелүү кызматтар аларды калыбына келтирүү жана туугандарына андан ары өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомдоштуруу боюнча иш алып барышы керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, балдарды алып салуу Ирак Республикасында калган энелеринин макулдугу жана алардын КРдагы туугандарынын балдарды тарбиялоо үчүн үй-бүлөлөргө кабыл алуу боюнча эрк билдирүүсү менен жүргүзүлгөн.

КР Өкмөтү кайтып келген балдарга ар тараптуу жардам көрсөтөт. Аларды эрте калыбына келтирүү, реинтеграциялоо, коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу үчүн бардык чаралар көрүлөт.

КР Өкмөтү Ирак Республикасынын Өкмөтүнө репатриацияны уюштуруу процессинде ЮНИСЕФтин Бишкек жана Багдад шаарларындагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл Жарым Айга балдарды куткаруу жана мекенине кайтаруу боюнча гуманитардык миссиясы үчүн жана ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Добавить комментарий