«Империя пиццы»: жабыркагандардын саны 118 адамга жетет

“Империя пиццыда” уулангандырынсаны 118 адамга жетти. Жардам сурап Бишкектин жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине кайрылгандардын баары пиццерияда даярдалган тамак-ашты сатып алышкан.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Анын айтымында, 98 адам темир жол ооруканасына, 13 адам шаардык тез жардам медициналык клиникалык ооруканасына, 2 жабырлануучу Чүй облустук бириккен ооруканасына жана 5 жабырлануучу Жайыл районунун жалпы медициналык практика борборуна кайрылган.

10 адам Темир жол ооруканасында, 13 бала шаардык балдар ооруканасында стационардык дарыланууда. Абалы туруктуу деп бааланууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Буга чейин баш калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев жабыркагандар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан «Империя пиццынын» төрт жеринен роллы жешкенин айткан. Кафе түйүндөрүнүн бардык пункттары эпидемияга каршы иликтөө жүргүзүү мезгилине жабык.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги тамак-аштан массалык ууланууга байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистери республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшере турганын билдирди.

Добавить комментарий