ИИМ башчысы Чүй облусунун ЖКККБ кызматынын ишин сынга алды

Чүй облусунда жол коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жана мас абалында унаа башкаргандыгын аныктоо боюнча рейддер күчөтүлөт.

Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Ички иштер министри Улан Ниязбеков ыкчам кеңешме өткөрүп, жол кырсыктарын алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кескин чараларды көрдү.

Министрлик Ниязбеков Чүй облусунун ЖКККБ кызматынын ишин «катуу» сынга алгандыгын белгиледи. Ал адамдардын жашоосуна жасаган ар бир кайдыгер мамилеси үчүн кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуп гана тим болбостон, аларга кылмыш ишин козгоо керектигин эскертти.

«Мындан ары үч сменада иштейсиңер. Ар бир кызматкерге жеке жол бөлүктөрүн бөлүп бериңиз. Ар бир айылдын кире беришинде, чыгышында жана борборунда кызматкерлер жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү керек. Бардык ЖКККБ аппараты толук бойдон жолго чыгышы керек. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте тез арада түнкүсүн жол жарыктандырууну уюштуруу. Ошондой эле, мен сиздердин алдыңыздарга бардык туристтерге сылык мамиле кылуу жана сапаттуу тейлөө милдетин койдум. Бирок, алардын арасында мас айдоочулар болсо, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранам», – деди министр.

Мындан тышкары, ал «тез арада» жол коопсуздугу жаатындагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жана эреже бузуучуларга карата катуу чараларды көрүүнү сунуштады.

«Эгерде сиз кыска убакыттын ичинде жол коопсуздугу жаатында түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө жетишпесеңиз, анда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрбөсөңүз, анда сиздин ишмердүүлүгүңүз каралат. Эгерде сиз иштей албасаңыз, анда кетишиңиз керек болот. Ар бир өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын максаты – алкоголдук же баңги мас абалында жүргөн айдоочуларды аныктоо жана аларга карата катаал чараларды көрүү. Үгүт иштеринин сапатын жогорулатуу үчүн, жетекчилик жамааты, кызматкерлери жана ардагерлери менен атайын телекөрсөтүү жана радио сүйлөшүүлөрүн уюштурууну өзүңөргө алгыла. Атайын видеолорду чыгаргыла. Биздин максатыбыз – жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу экендигин унутпагыла. Бул менин силерге акыркы эскертүүм», – деди ИИМ башчысы.

Соңунда Ниязбеков жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын кошумчалады.

Добавить комментарий