Египетте климат боюнча саммит өтүп жатат жана анын божомолдору абдан капалантат

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун (ДМУ) башчысы Петтери Таалас Жер шарындагы глобалдык климаттын өзгөрүшү темасына арналган баяндамасынын жүрүшүндө жакынкы келечеккекапаланткан божомолдор айтылды.

ДМУ акыркы сегиз жыл тарыхтагы эң жылуу жыл болгонун тастыктады. Бул тууралуу “Глобалдык климаттын 2022-жылдагы абалы” баяндамасында айтылат, деп билдирет БУУнун басма сөз кызматы.

«Азыр бизде атмосферада көмүр кычкыл газынын деңгээли ушунчалык жогору болгондуктан, Париж келишиминде каралган төмөнкү 1,5 градуска жетишүү кыйын», — деди ДМУнун башчысы Петтери Таалас Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында докладын климаттын өзгөрүшү боюнча жылдык COP27 саммитинде тапшырып жатып.  

Анын айтымында, мөңгүлөрдүн эрүүсүн мындан ары токтотуу мүмкүн эмес. Анын кесепети жүздөгөн, миңдеген жылдарга созулат. Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын, метандын жана азот кычкылынын – үч негизги парник газынын көлөмү рекорддук деңгээлге жеткени да белгиленет.

Альп тоолорунда кардын калыңдыгы орточо 3-4 метрге азайган, ал эми Швейцарияда байкоолордун тарыхында биринчи жолу жайкы мезгилде бардык кар эрип кеткен. Кылымдын башынан бери бул өлкөдө мөңгүлөрдүн көлөмү үчтөн бирден ашык кыскарган.

Изилдөө кургакчылыктын да, ашыкча жаан-чачындын да кесепеттерин чагылдырат. Кения, Сомали жана Эфиопия жаан-чачындын жетишсиздигинен улам түшүмсүз калууда, ал эми Пакистандын үчтөн биринен көбүн жай мезгилинде рекорддук жаан менен суу каптап, 8 миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Жыл башында Түндүк Африканы эки ай бою циклон каптады. Сентябрь айында «Ян» бороону Куба менен АКШнын Флорида штатында олуттуу зыянга учураган жана адамдардын өлүмүнө алып келген.

Европанын басымдуу бөлүгү өтө ысыкты башынан өткөрдү. Улуу Британияда 19-июлда улуттук рекорд коюлду: температура биринчи жолу 40 градустан ашты. Бул узакка созулган жана кыйраткыч кургакчылык жана токой өрттөрү менен коштолду.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш буга чейин ДМУнун отчетун климаттын өзгөрүшүнүн катастрофалык ылдамдыгын чагылдырган «климаттык хаостун хроникасы» деп атаган.

Гутерриш конференцияда алдыдагы беш жылдын ичинде “дүйнө жүзүндөгү адамдарды жана жамааттарды коргоо үчүн” эрте эскертүү системасына жетишүүгө багытталган иш-аракеттер планын сунуштоого ниеттенип жатканын кошумчалайбыз.

Добавить комментарий