ЕАЭБ ортосундагы 11 айдагы сооданын жыйынтыгы

ЕЭК өткөн жылы соода жаатындагы кырдаал кандай түзүлгөнү тууралуу айтып берди.

2021-жылдын январь-ноябрь айларында ЕАЭБдин өз ара соодасынын көлөмү 32,4 пайызга өстү, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы.

Бул көрсөткүч 65,5 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,4 пайызга жана «Ковидге чейинки» мезгилге – 2019-жылдын январына салыштырмалуу 17,8 пайызга көп.

Өз ара сооданын экспорттук көлөмүнүн өсүшү биримдиктин бардык мамлекеттеринде катталган: Казакстанда – 35,3 пайызга, Россияда – 35,2, Кыргызстанда – 30,4, Арменияда – 27,4, Беларуста – 24,8 пайызга.

Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба сырьёлорун активдүү соодалоо жүрүп жатат. 2021-жылдын январь-ноябрында 2020-жылга салыштырмалуу Армениядан союздук рынокко жеткирүүлөрдүн көлөмү 29,5 пайызга, Россиядан 27,3 пайызга жана Кыргызстандан 17,3 пайызга өскөн.

Бул мезгилде тышкы сооданын көлөмү 752 млрд долларды түздү, анын ичинде экспорт – 465,9 млрд, импорт – 286,1 млрд. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 42,5 пайызга, импорт 22,8 пайызга өскөн.

ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө товарларды экспорттоо Беларустан 50,3 пайызга, Россиядан 45,4 пайызга, Казакстандан 23 пайызга жана Армениядан 16,3 пайызга өскөн.

ЕАЭБден экспорттолгон товарлардын негизги сатып алуучулары болуп Европа Биримдигинин (алардын үлүшү экспорттук жеткирүүлөрдүн 42,2 пайызын түздү) жана Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын (28,6 пайызын) өлкөлөрү болгон. Союздук рынокко импорттоо боюнча елкелердун арасында Кытай жана Германия алдыда баратат.

Добавить комментарий