Добуш үчүн пара берүү иши козголду

Жумабековдун сүйүнчүсү Талас облусунда добуштарды сатып алуу фактысы катары каралат. Жаш энеге акча которуу үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде болгон. Иш КЖБРде катталган.

Бул тууралуу КР Ички иштер министрлиги билдирди.

Эске салсак, КР ЖКнын экс-спикери Дастан Жумабеков шайлоочуга – Талас районунун Кызыл-Адыр айылындагы жаш энеге сүйүнчү түрүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча белек кылган.

Ички иштер министрлиги бул факт прокуратура тарабынан катталып, андан кийин иш сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

Добавить комментарий