Депутат: каяктагы «письмо счастья», согуштагыдай кара кагаз бул – Айып каты

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаардын» айланасындагы айрым жосунсуз иштерди тизмектеди.

Эл өкүлү «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенде аны «конкреттүү долбоор» эмес, «коммерциялык долбоор» деп айтканын белгилеп, аныгында эле ошондой болуп чыкканына токтолду.

«Бир жылга жетпеген учурда 1 миллиард сомго жакын айып пул салынып, анын 580 миллион сому төлөндү. Ошол айып пулдун 90 пайызын карапайым калк төлөп жатат. Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыздар эми үч буттуу камералардан коркуп калды», — деди ал.
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин Коопсуз шаар долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева

Момбеков элдин кыжырын кайнаткан дагы бир нерсе жолдо жүрүү эрежелерин жөнгө салуучу жол белгилери экенин айтты. Учурда андай алешемдиктерди далилдеген сүрөт, видеосун көтөрүп ал кишилер үйүнө чейин келип жатканын белгиледи.
«Бишкектеги жол белгилери мыйзамда каралбаган, токтом менен бекитилбеген белгилер экенин айтып жатышат. Өкмөт «Вега» компаниясынын ишин аткарып, ошонун кызыкчылыгын коргоп жатат дешүүдө. Мен өзүм чыгып көрдүм. Мына Садыгалиев менен Дэн Сяопинди карасаңар. Баратканда башка, келе жатканда башка белги турат. Өкмөт элден «шабашка» кылып жатпайбы», — деп эл өкүлү нааразы болду.

Депутат, андан сырткары, айып пул салынганын билдирүү үчүн келген катты «письмо счастья» деп атап алышканына жинденди.

«Атасынын башына «письмо счастьеби». Байларга, базаркомдорго бактылуу кат болушу мүмкүн. Карапайым калк үчүн карыз алып келген кат, баягы согуш учурундагыдай кара кагаз да», — деди ал.
Сөзүнүн аягында эл өкүлү жолдо илинип турган туура эмес жол белгилерин тез аранын ичинде алууну өкмөттөн талап кылды.

Добавить комментарий