Дары-дармектердин жетишсиздиги болбойт: Кыргызстанда дары фабрикасы кантип иштеп жатат

Бут дүйнөдө коронавируска карата паника башталды жана дары-дармек компаниялары Кыргызстанга дары-дармек экспорттоосун кыскартты. Азыр биздин ишканалар дары жоктугунун ордун толтуруу үчүн аракет кылып жатат, дары-дармек компанияларынын директору Рахим Бабаев айтты.

 

эки кезметтин Кыргыз дары-дармек заводу эки сменде иштейт деди башкы директору Рахим Бабаев. Бул Кыргызстан боюнча он үч дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

 

«Эл арасындагы паникадан улам, суроо-талап он эсе көбөйдү. Маанилүү деп саналган дарылардын  көбун биз чыгарабыз. Биз антивирустук, температурага каршы, антибиотиктерди, жана витаминдерди өндүробуз. Негизинен, биз Кыргызстанды көптөгөн дарылар менен 100 пайызга камсыз кыла алабыз», — деди ал.

 

Заводдун директорунун айтымында, көптөгөн өлкөлөр Кыргызстанга дары-дармек экспорттоосун кыскартканына байланыштуу, дарыкана чынжырлары ата мекендик өндүрүүчүлөргө көп маани беруудо.

 

Бабаевдын айтымында, дары өндүрүү үчүн чийки зат жетиштүү болот. Орто эсеп менен балганда, ички дары-дармектери импорттолгон дарыга караганда 20-30 пайызга арзан болот, жана сапаты менен төмөн эмес, дейт ал.

Добавить комментарий