Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавируска караганда эң чоң коркунуч туудурган жаңы пандемиянын чыгышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирди. Женевада өткөн ДСУнун жылдык ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Гебрейесус бардык өлкөлөрдү мүмкүн болуучу коркунучтарга каршы жамааттык тирешүүгө даярданууга чакырды.
ДСУнун башчысынын айтымында, «COVID-19 башка түрүнүн пайда болуу коркунучу бар, бул оорунун жаңы очокторуна, ошондой эле өлүмдүн көрсөткүчү жогору болгон жаңы патогендин пайда болушуна алып келиши мүмкүн».
Белгилей кетсек, 5-майда ДСУ 2020-жылы жарыяланган COVID-19 пандемиясынын статусун жокко чыгарган. Бирок, Гебрейесустун айтымында, бул чечим коронавирус мындан ары коркунуч туудурбайт дегенди билдирбейт. Ал кыраакы болууга жана келечектеги мүмкүн болгон кыйынчылыктарга даяр болууга үндөдү.
ДСУнун башкы директорунун билдирүүлөрү дүйнөлүк коомчулукка алдын алуу чараларын улантуу жана потенциалдуу коркунучтарга каршы турууга даяр болуу маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертет.