Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чункур-Кыштак айылында 275 окуучуга ылайыкталган мектептин имараты курулуп жатат. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.
Анын айтымында, мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен каржыланууда.
Долбоорго ылайык, жаңы мектепке төмөнкүлөр кирет: окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн окуу имараты, ашкана, спорттук жана актовый залдар, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология жана физика лабораториялары.
Билим берүү мекемесинин тендердик баасы 723 861 долларды түзгөн, анын ичинен Сауд Өнүктүрүү Фонду 187,121 долларды каржылаган.
Имарат 35 пайызга бүткөрүлгөн.
Бул учурда окуу корпусунун чатырчасынын курулушу аяктап жатат.