БУУ Жапаровдон Конституцияны сактоону талап кылат

БУУнун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолугушту.

БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Кыргызстандагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жаткандыгын жана ар тараптуу жардамга жана колдоого даяр экендигин ырастады. Ошол эле учурда, ал бардык процесстер ачык-айкын жана инклюзивдүү негизде өлкөнүн Конституциясынын чегинде эч кандай басмырлоосуз жана адам укуктарын сактоо менен жүзөгө ашырылат деп күтөт.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана башка реформаларды тутумдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана кызыкдар ведомстволор менен бирдикте, жакынкы аралыкта бүтүрүү пландаштырылып жаткан Жол картасынын долбоору иштелип чыгарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров өз кезегинде өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык тынч өткөндүгүн белгиледи.

«Өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоого чейин республиканын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Учурда республикада кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага кайтып келди. Азыр өкмөттүн бардык аракеттери өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталды», — деди ал.

Садыр Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

«Эгемендүүлүктүн 30 жылынын ичинде Кыргыз Республикасында коррупция адамдардын иш-аракетинин бардык чөйрөлөрүнө сиңип кетти, бирок биз аны толугу менен түп-тамырынан бери жок кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул убакытты талап кылары шексиз, бирок бул иштин натыйжасы жакынкы келечекте болот. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көп иштер жүргүзүлүп жатат. Жакында бул иш аягына чыгат деп ишендире алам», — Президентинин милдетин аткаруучусу.

Андан кийин тараптар акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтөт деп убада берди.

Добавить комментарий