Кумтөр маселеси эң резонанстуу суроолордун бири. Алтын камтыган кенге көзөмөлдү күчөтүү боюнча кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер чет элдик инвесторлорго жаккан жок. Канада өкмөтү кырдаалга кийлигишкен. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы дагы билдирүү жасады.
Робин Орд-Смит «ири инвестордун жана мамлекеттин өкүлдөрү өз ара келишпестиктерди тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен чече албай калышкандыгына, натыйжада Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилгенине» өкүнүчүн билдирди.
Робин Орд-Смит белгилегендей, экономикалык кризистен чыгуу жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн бизнес мыйзамдын үстөмдүгүнө жана айлана чөйрөнүн туруктуулугуна ишенимдүү болушу керек.
«Бизнес Акыйкатчысы ушул акыркы баскычта дагы тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени макулдашып жөнгө салат деп үмүттөнөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 17-майда кыргыз парламенти министрлер кабинетине «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкарууну убактылуу киргизүүнү тапшырган. «Кумтөр» компаниясын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия компаниядан дээрлик 460 миллиард сом чогултууну сунуштады.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту төрт адамдын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка карата доо арызын канааттандырып, компанияны Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө таштандыларды сактоо үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион сом өлчөмүндө чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген жана Ысык-Көл облустук ИИБ Кумтөр кениндеги буга чейинки окуялар боюнча ишти тергеп жатат.
Centerra Gold Inc., компаниясына таандык «Кумтөр Голд Компани» Кумтөргө байланыштуу кыргыз бийлигинин аракеттерин жана чечимдерин кенди улутташтыруу же компанияны кенди таштап кетүүгө мажбурлоо демилгесин актоо аракети деп эсептээрин билдирди.
6-майда канадалык инвестор КР өкмөтүнө каршы арбитраждык сот ишин козгогону белгилүү болду. Ошондой эле компания «Кыргызалтынга» Centerra Gold Incтеги акциялары менен иштөөгө тыюу салгандыгын жарыялаган.