Бишкектеги бала бакча карантинге жабылды

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, шаарда бир бала бакчадан башка бардык билим берүү мекемелери иштейт.

Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, No145 бала бакча карантинге жабылган. «Ал жерде бала бакчанын башчысы менен мугалимден коронавирус аныкталды», – деди ал.

Чиновник ошондой эле борбор калаадагы мектеп окуучуларынын арасында COVID-19 инфекциясынын үч учуру расмий түрдө аныкталганын белгиледи.

Добавить комментарий