Бишкекте таксисттер иштей башташты

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, 1-майда шаардык такси кызматтары кайрадан ишин баштады. Азыр, керек болсо, жарандар такси менен жүрө алышат, бирок коопсуздук эрежелерин сакташы керек.

Ар бир айдоочу унаасынын ичин күнүнө 3 маал дезинфекциялап турууга жана санитайзер камдоого милдеттүү. Жүргүнчүлөрдүн саны 2 адамдан жана 1 жаш баладан ашпашы керек. Ошондой эле айдоочу май куючу жайдан башка аймакка өзү каалагандай жүрүүгө тыюу салынат. Текшерүү учурунда айдоочудан өздүгүн аныктаган документ жана буга чейин салык төлөп келгенин ырастаган патент талап кылынат.

Бүгүн, 1-майга караган түнү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин ичиндеги тосмолорду алышкан. 

 

Добавить комментарий