Бишкекте коменданттык саат жарыяланды

Бишкекте өзгөчө абал киргизүү менен байланыштуу коменданттык саат башталат. Бул тууралуу басма сөз жыйынында, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор коноктору Бишкекти саат 24.00 чейин калтыруу керек.

«Коменданттык саат 25-мартынан баштап иштей баштайт. Жарандар 20.00 баштап 07.00 чейин коммандттык саатка дуушар болот, — Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал азык-түлүк дүкөндөрү кадимкидей иштей берет деп кошумчалады.

Башкы штабынын башчысы Райимберди Дуйшенбиевдин айтымында, коменданттык саатты бузуу жана аскер жана полицияга баш ийбегендер жоопкерчиликке тартылат.

Мыйзамга ылайык «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, анын ичинде жарандардын коменданттык саат учурунда, көчөдө башка коомдук жайларда болууга тыюу салынган же болбосо атайын чыгарылган уруксат жана документтери бар болгон учурда гана чыгууга болот.

Коменданттык сааттын аягына чейин ички иштер же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саатты бузгандар камакка алынат. Эч кандай жеке маалыматын камтыган документтери жок болсо — анын аныктоо убагына чецин, бирок үч күндөн көп эмес камакта болот.

Кармалгандар жекече, жеке  буюмдарын жана транспорт каражаттарын текшерууго дуушар болушу мүмкүн.

Добавить комментарий