Бишкекте чоңдор үчүн хоспис ачылды

“Өмүр фонтаны” фонду Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн хоспис ачканын аталган уюмдун өкүлдөрү билдирди.

«Бул жылы биз фондубуздун алдында чоңдор үчүн хоспис ачууну чечтик. Хосписте рак оорусуна чалдыккан адамдарга белгилүү жашаган жери жок жардам көрсөтөбүз. Биз медициналык кызматкерлерди жалдадык жана окутдук», – дешти уюмда.

Биз ооруларды айыктырбайбыз, адамдын оорусун басаңдатууга жардам беребиз.

Алты гана орун болсо, анын төртөө бекер. Онкология, кардиология жана боор циррозунун акыркы стадиясы бар адамдар кайрылса болот.

«Ошондой эле, биз оорулуу адамдарды үй-бүлөсү бир эки ай эс алышы үчүн алабыз. Эгерде сиздин айланаңызда паллиативдик же өзгөчө жардамга муктаж адам болсо, бизди чакырыңыз, биз ооруну жеңилдетүүгө жардам бере алабыз», — дейт фонддун кызматкерлери.

Бизде атайын даярдалган, үйрөтүлгөн жана тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер бар: Нидерланддан келген паллиативдик адис, дарыгерлер, медайымдар, күзөтчүлөр жана ашпозчу.

Пациенттерди кароо жана жардам акысыз көрсөтүлөт. Бирок кошумча анализдер (зарыл болсо), атайын тамактануу жана дары-дармектер туугандарынын эсебинен. Эгерде атайын тамактануу талап кылынбаса, хоспис күнүнө үч маал кадимки тамак менен камсыз кылат.

Бейтаптар үчүн ооруканадан көчүрмө жана дары-дармектерди жазып бергендиги тууралуу маалымкат талап кылынат.

Үй-жайсыз адамдарга жардам

«Фонд Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдарды аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү максатында тынымсыз рейддерди өткөрөт – жарааттарды таңуу, тамак-аш, термоско чай, сезондук кийимдерди таратуу ж.б.у.с», – деп белгилешти кызматкерлер.

«Өмүр фонтаны» 2009-жылдан бери иштеп келе жатат жана туруктуу жашаган жери жок адамдарга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • ысык тамак;
  • медициналык кызмат көрсөтүүлөр (текшерүү, таңуу, зарыл болгон учурда ооруканага жаткыруу);
  • мончо кызматтары;
  • чач тарач кызматтары;
  • кир жуучу кызматтар;
  • документтерди калыбына келтирүү боюнча консультация жана жардам көрсөтүү;
  • үйү бар болсо, айылдарга үйгө жөнөтүү;
  • социалдык мекемелерге жайгаштыруу;
  • кийим, бут кийим, самын жуучу каражаттарды таратуу.

“Өмүр фонтаны” фондуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:

0509 37 16 45;

0558 37 16 45.

Добавить комментарий