Бишкек шаарында жылытуу мезгили аяктайт

Мэрия жылытуу мезгилин аяктоону чечти. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кол койду.

«Эртеңден баштап Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлөт», — деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбор калаада жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, шаарда апрель айына узак мөөнөттүү аба ырайын болжолдоону эске алуу менен, жылытуу мезгили — 2020/2021 2021-жылдын 6-апрелинен тартып бүттү деп эсептелет.

Бишкек ТЭЦине, «Бишкектеплосеть» ААКга, «Бишкектеплоэнерго» ишканасына жана ведомстволук буу казандарынын жетекчилерине борбордун имараттарын жылуулук менен камсыз кылган жылытуу жабдууларын өчүрүү боюнча иш алып баруу тапшырылды.

Добавить комментарий