Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү ПЦР диагностикасы үчүн чыгымдалуучу материалдарды жеткирип берүүчү издөөнү жарыялады. Бул максаттарга 2,8 миллион сом бөлүнгөндүгү маалымдалды.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердик документтерге ылайык, сатып алууга 2 миллион 815 миң 990 сом сарпталат. Тендердик билдирүүлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 12-январына чейин созулат.
Борбордо тескери транскрипциялоо үчүн реактивдер топтому, нуклеин кислотасын бөлүп алуу үчүн реагенттер топтому, nCOV-19 коронавирусун аныктоочу реактивдер топтому жана башкалар сатылып алынмакчы.