Бишкек мэриясы жол кирени жогорулатуунун себептерин түшүндүрдү

1-ноябрдан тарта Бишкек шаардык кеңешинин чечимине ылайык, борбордо коомдук транспорттун баасы көтөрүлөт, мэрия бул чечимди түшүндүрдү.

Муниципалдык транспортто жол кире 11 сомго чейин (8 болчу), кичи автобустарда 15 сомго чейин (10-12 болчу) жогорулайт. Пенсионерлерге жеңилдиктер каралган.

Мэриянын басма сөз кызматы акыркы жылдары муниципалдык жүргүнчү ишканалардын техникалык эскиришине жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу шаардык транспорттун кыймылдуу курамы кыскарганын белгиледи. Маршруттарга 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус гана чыгат. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85 пайызы жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Терс факторлордун арасында кыймылдуу курамдын кыскарганы байкалууда – 3,5 миң автоунаанын ордуна бүгүн миңден ашпаган киши кетип жатат. Айлык акы төлөнбөгөндүктөн айдоочулар жетишпейт.

Мэрия ушундан улам Бишкек шаарынын тургундары акыркы бир нече жыл ичинде шаардык транспорттук кызматтарды тиешелүү көлөмдө жана сапатта ала алган жок деп эсептейт.

«Жеке менчик ташуучулардын ишин үзгүлтүккө учурашы өзгөчө июнь айында, кичи автобустун айдоочулары жумушка келбей калганда сезилген. Коомчулук, борбор калаанын тургундары өзүлөрүнүн тилектештигин, өз ара жардамдашуу жана өзүн-өзү уюштуруу сезимдерин көрсөтүүгө аргасыз болушту, ошентсе да Бишкекти транспорт шалдыгынан чыгаруу оңой болгон жок»,-дейт муниципалитет.

Мына ушул көйгөйлөрдөн улам тарифтерди жогорулатуу боюнча токтом кабыл алынды, анткени күйүүчү май менен тетиктердин баасынын жогорулашы сыяктуу фактор дагы бар, дейт басма сөз кызматы.

Мэрия жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелерин бекитүү боюнча БШКнын депутаттары менен иштөөдө, анда тейлөөнүн сапатынын катаал шарттары жана бардык коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү көрсөтүлөт.

Мэрия ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимге ылайык газ менен күйүүчү 250 автобус сатып алаарын, Азия өнүктүрүү банкы менен 120 электробустар боюнча макулдашылганын эске салды. Ошондой эле жеке инвесторлор менен экологиялык таза күйүүчү май менен шаарга узун автобустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Добавить комментарий