Бишкек: көмүрдүн баасы арзандатылган дагы бир соода түйүнү ачылды

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр арзандатылган баада сатылуучу дагы бир пункт ачылганын билдирди.

Көмүр сатуу пункту Мурманская көчөсү, 30б дарегинде жайгашканы көрсөтүлгөн. Ал жерде көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сатып алса болот.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров көмүрдү арзандатылган баада сатуу боюнча тапшырма берген.

Добавить комментарий