Бишкек: бала бакчалар менен мектептер карантинге алынат

Мэриянын басма сөз кызматында 12-апрелден баштап бала бакчалар жабылып, мектеп окуучулары аралыктан окутууга өткөрүлө тургандыгы маалымдалды.

Сактык чаралары атайын чечим кабыл алынып, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим бүгүн шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, 12-апрелден баштап Бишкектеги бардык бала бакчалар жабык болот.

«Участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан бала бакчаларда, бизде алардын 14 бар, билим берүү процесси 2021-жылдын 8-апрелинен баштап онлайн режиминде өткөрүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, учурда борбор калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн көчмө бригадаларды текшерүүнүн саны көбөйтүлдү.

Добавить комментарий