Бишкек: Ала-Тоо аянтында кыймыл чектелет

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, борбордун башкы аянтында унаалардын жүрүшү чектелет.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду, деп билдирди борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, коомдук тартипти жана жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, эл көп чогулган жерлерде унаа кыймылына чектөө коюлат.

Ошентип, 2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейин, кечки саат 20:00 түнкү 01:00 чейин, Ала-Тоо аянтында Чүй проспектиси боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин унаа кыймылы чектелет.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен бара жатканда маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат.

Добавить комментарий