Биринчи Элдик Курултайдын Төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды

Бүгүн, 25-ноябрда делегаттар биринчи Элдик Курултайдын төрагасын шайлашты.

“Кыргыз Жолу” бириккен руханий коомунун жетекчиси Кадыр Кошалиев төрага болуп калды. Буга чейин ал конституциялык конференциянын мүчөсү болгон. Ал бүгүн шайланган курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөсү. Анда 20 адам бар.

Маалым болгондой, Кадыр Кошалиев Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири болгон. Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин орун басары.

Белгилей кетсек, форумга 1 миң 72 делегат катышууда.

Добавить комментарий