“Биримдик” партиясы, Токмок энергосбыттын башчысы Улан Мукаевге озунун мүчөлөрүнүн кол салуусун четке каккан, билдирүүну жарыялады.
Буга чейин Facebook тармагында видео турундо кайрылуу чыгарылгын, ал боюнча Токмоктун мэринин жээни Замир Амангельдиев досу менен Мукаевди «Биримдик» партиясынын иш мекемесине алып келишкен деп билдирилет. Ал жерде болжолдоп айтканда, водоканалдын башчысы Шабданбек Жансеитов, бир нече белгисиз адамдар жана жергиликтүү кенешинин депутаты Тынай Жансеитов кутуп турушкан. Атап айтканда, энергосбыттын жетекчисине, так ошол депутат кол салган, деп жарыянын авторлору билдиришет
Улан Мукаевдин коомдук тармактарда Бишкектин эки тургундарына каршы чара көрүүгө кайрылышына Чүй облусунун ички иштер бөлүмү бул ишти АИС ЕРППте Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ылайык «Хулигандык» кылмыш негизинде катталды деп жооп тартты жана алдын ала тергөө ишин баштады.
“Мукаевдин айтымында, аны 2020-жылы, 5-мартта эркине каршы, машинеге салып, алып кетишен. Андан сон, анын эркине каршы мажбурлап күч колдонуу менен иштен кетууго арыз жаздырышкан – деп милицияда билдирилди. органдарына кайрылсын. – Ошол эле учурда, жогорудагы жабырлануучу ички иштер органдарына кайрылган эмес экенин белгилей кетүү зарыл».
Видеодо катышкан жарандар аныкталган жана алар укук коргоо органдары тарабынан суракка алынып жаткандыгын ИИМ белгиледи.
Азыркы учурда, алгачкы сот негизинде бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүзөгө ашырылууда. Сотко чейинки иш-чара уланууда.
«Биримдик» партиясында, бул айыптоону “саясий уюмдарга шек туудуруу үчүн, текшерилбеген жана такталбаган маалымат» деп четке какты.
“Биримдик» саясий партиясынын лидери – партиянын бардык иш-чаралары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдары жана жарандык сектору менен сый-урмат негизинде гана жургузулот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык алкагында ишке ашырылат», – деди.
Аталып кеткен окуя партиянын иш мекемесинде орун алган эмес, деп партия деп баса белгиледи.
«Учурда жайылган маалымат бонча каралоолор жургузулуудо – деп кошумчалашты. Ал инциднт ишке ашкан болсо, бул окуя боюнча күнөөлүүлөрдү аныктоо керек. “Биримдик” партиянын жетекчилиги, текшерүү алкагында укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууга даяр.»