Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын күндүзгү билимин калыбына келтирүү үчүн бир нече варианттарды даярдады

Билим берүү министрлиги күндүзгү билим берүү тутумуна кайтып келүү үчүн бир нече варианттарды даярдаганын билдирди. Маалыматты министрдин орун басары Надира Джусупбекова жарыялады.

Анын айтымында, эгер кырдаал туруктуу болсо, анда 5, 9 жана 11-класстын окуучулары алгач билимге кайтып келиши керек.

Надира Джусупбекова план бар экендигин, ага ылайык биринчи кезекте 2-класстын окуучулары мектептерге, андан кийин 5, 9 жана 11-класстарга келерин кошумчалады. «Экинчи класстын окуучулары бир жыл гана окушкан, ал толук эмес. 9-11-класстар бүтүрүүчүлөр. Чыныгы форматта канчалык көп билим алышса, балдар ошончолук ишенимге ээ болушат, ошончолук жакшы натыйжалар болот. 5-класстар өткөөл, башталгыч класстан кийин орто денгээлде окуй башташат, жогорку класстын окуучулары болушат. Ар кандай мугалимдер аларга сабак бере башташат. Ошондуктан, бул аларга дагы кыйын», – деди ал.

Министрдин орун басары эң башкысы балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугу экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап мектептерде 1-класстын окуучулары гана окушат. 2-11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынын биринчи кварталында окуусун дистанттык режимде улантышты.

Добавить комментарий