Баткенде «УКМК кызматкеримин» деп топ адамдан акча алган киши кармалды: видео

Кадамжай милициясы өзүн «УКМКнын кызматкеримин» деп тааныштырып, жарандарды алдап акча опузалап жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кадамжай районунун Бирлик айылынын 27 жаштагы тургуну Руслан Төлөнов аттуу жаран карызга 180 миң сом алып кайтарып бербей, из жашырып кеткенин айтып арыз жазган.

11-декабрда Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну өзүн «СНБдан Руслан Жээнбеков» деп тааныштырган адам жеринин документин бүтүрүп берүүнү убадалап 10 миң сом алып кеткенин айткан.

Ал эми 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну бейтааныш атуул «УКМКнын кызматкеримин» деп тааныштырып, 24 миң сомдук унаа тетигин карызга алган бойдон качып жүргөнүн билдирген. Ушундай эле жол менен дагы үч киши бир адамдын 71 340 сом алып сызга отургузуп кеткенин айтып кайрылган.

Бишкектик кишини жарым миллионго алдап кеткен. Шектүү Россиядан кармалды
Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынан дагы үч адамдан арыз түшкөн. Анда алар 195 миң сомдук Mercedes-Benz автоунаа, эки кочкор жана базардан 11 миң сомдук кийим-кечени алдоо жолу менен алып кеткендигин айтышкан.
Аталган фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү жаран кармалгандан кийин көрсөтмө бергенде өзүн Алмаз Абдужапаров деп тааныштырып, Чоң-Алайдан болорун айткан. Бирок текшере келгенде ал Сузак районунун Жерге-Тал айылынын Н. М. аттуу тургуну экени аныкталган. Ошондой эле ал абактан качып кетип издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Азыркы тапта шектүү эки айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий